play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today07.04.2025

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Айдай Ахматова

  • Эмдөөдөн өтпөгөн балдар мектепке кабыл алынбайт
  •  Бишкекте таштанды иштетүүчү заводту декабрь айында пайдаланууга берилет.
  • Бишкекте Д. Омурзаков атындагы стадиондун кичи аренасы курулууда.

-Эмдөөдөн өтпөгөн балдар мектепке кабыл алынбайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева билдирди.

Анын айтымында, ата-энелер мектепке баланын жалпы медициналык кароодон өткөндүгү жана алынган эмдөөлөрү жөнүндө эки медициналык маалымкат бериши керек. Эмдөөсүз балдар мектепке алынбайт.

Ал кошумчалагандай, быйыл мектепке онлайн каттоо мүмкүн болушунча жөнөкөйлөштүрүлдү. Мурун ата-энелер бештен ашык документ чогултуп, системага тиркөөлөрү керек болсо, эми бул талап кылынбайт.

— Эко-технологиялык таштанды иштетүүчү завод Бишкекте быйылкы жылдын декабрь айында пайдаланууга берилет. Кабминдин маалыматы боюнча, курулуш иштеринин жүрүшү уланууда. Азыркы учурда имараттын фундаментин жана негизги өндүрүш корпусунун куюлушу аяктаган.

Заводдо катуу тиричилик таштандыларын иштетүү аркылуу электроэнергия өндүрүлөт. Объект айланма жолдо, санитардык полигондун аймагында жайгашып, таштандыларды жеткирүүдө транспорттук чыгымдарды азайтууга шарт түзөт.

Заводго болгон жалпы инвестициялардын көлөмү 95 миллион долларды түзөт.

— Бишкекте Долон Омурзаков атындагы стадиондун кичи аренасынын урулушу уланууда. Кабминдин маалыматы боюнча, объект 5 миң көрүүчүгө эсептелген.

Имарат эки кабаттан жана 50 унаа үчүн автоунаа токтотуучу жайы бар подвалдан турат.

Белгилей кетсек, арена көп функциялуу аянтча катары долбоорлонгон, ал жерде спорттук иш-чаралардан тышкары концерттер, көргөзмөлөр жана башка иш-чаралар өтөт.

Автор: Айдай Ахматова


0%