
Авторадио Бишкек 107.8FM
КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Айдай Ахматова
-Бишкекте Жаш Гвардия бульварынын бир бөлүгү жабылат. Б анын Токтогул көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки тилкесинде оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ал эми унаа кыймылы үчүн Бөкөнбаев — Киев көчөлөрүн камтыган батыш тарабы жабык болот, — дешти мэриядан.
Айдоочуларга каттамдарын эртелеп түзүп алуу сунушталат.
-Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке арналган парад 8-майда өтөт. Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Маалыматка ылайык, аскердик парад «Ала-Тоо» аянтында болот.
Ал эми 9-майда Садыр Жапаров Москвадагы Жеңиш парадына катышарын президенттик администрациядан тастыкташты.
— Форбс басылмасы эң бай атактуулардын тизмесин жарыялады. Биринчи орунда Стивен Спилберг турат, анын байлыгы 5,300 милн миллиард долларды түзөт. Экинчиде 5 миллиард 100 миллион доллары менен Джордж Лукас жайгашат.
Үчилтикти баскетболчу Майкл Джордан бекитет, анын байлыгы 3,5 миллиард долларды түзөт.
Автор: Айдай Ахматова