play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today11.04.2025 3

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Айдай Ахматова

  • Бишкекте 11-апрелден баштап жаны автобустук каттамдар жүрө баштайт
  • Кыргызстан жана Тажикстан айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таанууну кабыл алышат.
  • Бишкекте «Манас» эпосунун англис тилиндеги жаңы басылышы тартууланды.

-Бишкекте 11-апрелден баштап №61, №45, №35 автобустук каттамдар жүрө баштайт. Муниципалитеттен билдиришкендей, №61 автобус Киркомстром — Көк-Жар багыты боюнча жүрөт.

№45 коомдук транспорт 10-кичи район — Алыкулов — 7-Апрель көчөлөрүнүн схемасы боюнча айланма жол менен жүрөт. Бул каттам №35 автобуска карама-каршы багытта болот. Аталган каттамдарды ISUZU үлгүсүндөгү газ менен жүргөн жаңы автобустар тейлейт. Ошондой эле бир катар автобустардын схемасы өзгөрдү.

— Кыргызстан жана Тажикстан улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу тууралуу келишимге кол коюшту. Бул тууралуу тажикстандын Юстиция министрлиги билдирүү таратты. Маалыматка караганда, эки өлкөнүн жарандары бири-биринин аймагында жашап жаткан учурда, туруктуу же убактылуу жашоого уруксат алышса, тиешелүү айдоочулук күбөлүктөрүн теориялык же практикалык экзамен тапшыруусуз алмаштыра алышат. Алмашуу үчүн жарактуу айдоочулук күбөлүгү жана анын мамлекеттик, расмий же орус тилине которулганы болушу керек.

Алмашуу процедурасы ошондой эле, айдоочулук күбөлүгүн тапшырып, алмаштырылган күбөлүктү ошол өлкөдөгү жарандарына кайтарып берүү мүмкүнчүлүгүн да камтыйт.

— Бишкекте «Манас» эпосунун англис тилиндеги жаңы басылышы тартууланды. Проза түрүндөгү вариант драматург, Кыргызстандын Баатыры Бексултан Жакиев тарабынан бир нече версиянын негизинде иштелип чыккан.

Китеп эл аралык аудитория үчүн түшүнүктүү англис тилинде жазылып, кыргыз маданиятын жана баалуулуктарын дүйнө жүзүнө жайылтууга багытталган.

Эскерте кетсек, «Манас» эпосу Дүйнөлүк рекорддор китебине дүйнөдөгү эң чоң эпос катары кирген.

Автор: Айдай Ахматова


0%