play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today29.04.2025 13

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Айдай Ахматова

  • Кыргызстанда айдоочулук күбөлүгү жок болсо самокат жана электроскутерлерди башкарууга тыюу салуу сунушталды
  • Өлкөнүн мектептери үчүн 2,5 миллион окуу китеби сатып алынат
  • Ысык-Көлдө туристтик сезон 3-майда башталат.

Кыргызстанда айдоочулук күбөлүгү жок болсо самокат жана электроскутерлерди башкарууга тыюу салуу сунушталды. Мындай демилге Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Депутаттар аталган каражаттардын катышуусу менен жол кырсыктарынын саны өсүп жатканын жүйөө катары келтиришти.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, өткөн жылы Бишкекте самокаттар менен аварияда 30 адам жабыркап, 10 киши каза тапкан. Кыргызстанга өткөн жылы 215 миң электр самокат жана мопеддер ташылып келген, аларды башкарууга эч кандай документтер талап кылынбайт.

Билим берүү министрлиги быйылкы жылдын 1-сентябрына чейин 2,5 миллион окуу китебин 740 миллион сомго сатып алууну көздөп жатат. Китептер 1-класстан 9-класска чейинки окуучулар үчүн арналган жана табигый илимдер, математика, англис тили боюнча окуу куралдары болуп эсептелет.

Орус тилин үйрөнүүгө арналган окуу китептери Билим берүү министрлиги менен Россия Федерациясы биргелешип сатып алышат.

Чолпон-Ата шаарында 3-майда жайкы туристтик сезон расмий түрдө ачылат. Бир күндүн ичинде Ысык-Көлдүн жээгинде ички жана кирүүчү туризмди өнүктүрүүгө багытталган бир нече ири иш-чара өтөт. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Күн салттуу түрдө өтүүчү «Жибек жолу — ШКУ» эл аралык марафону менен башталат. Ошондой эле саат 11:00дөн тартып туристтик жарманке иштей баштайт.

Негизги иш-чара — Эл аралык туристтик форум болот.

Саат 15:00дө ат майданда Министрлер кабинетинин төрагасынын кубогу үчүн ат чабыш жана улуттук ат оюндары өтөт, ал эми саат 19:00дө кыргыз эстрадасынын жылдыздары катышкан салтанаттуу гала-концерт уюштурулат.

Автор: Айдай Ахматова


0%