play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today30.04.2025 23

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Айдай Ахматова

  • «Эл үмүтү» стипендиясын алуу үчүн документтерди кабыл алуу башталды.
  •  Бишкекте жашыл бак-дарактарды зыянкечтерден арылтуу иштери башталды
  • Guardian Кыргызстанды этникалык туризм үчүн мыкты багыттардын тизмесине кошту.

Билим берүү министрлиги «Эл үмүтү» аттуу эл аралык президенттик стипендияны алуу үчүн документтерди кабыл алуу башталганын маалымдады. Бул стипендиянын максаты — өлкөнүн таланттуу жаштарына мыкты чет элдик университеттерде магистратура жана PhD деңгээлинде билим алууга жардам берүү.

Жыл сайын «Эл үмүтү» программасы боюнча 50 стипендия берилет: алардын 20сы магистратуранын техникалык жана инженердик багыттарына, 10у экономикалык багыттарына, 10у социалдык-гуманитардык багыттарына жана 10у PhD программаларына бөлүнөт.

Толук маалымат Билим берүү министрлигинин расмий сайтында берилген.

Бишкекте жашыл өсүмдүктөрдү зыянкечтерден коргоо үчүн иштери башталды. Иштер түнкү убакта жүргүзүлөт, шаар тургундарына ыңгайсыздык жаратпоо жана айлана-чөйрөгө болгон таасирди азайтуу үчүн.

Иштетилип жаткан препараттар адамдарга, жаныбарларга жана пайдалуу курт-кумурскаларга кооптуу эмес.

Шаар мэриясы тургундарды этият болууга чакырат жана дарылоолор жүрүп жаткан аймактарда сейилдөөнү убактылуу токтото турууну сунуштайт.

Кыргызстан 2025-жылы саякаттоо үчүн мыкты багыттардын катарына киргенин The Guardian басылмасы жарыялады. Бул тууралуу Туризм департаменти билдирди.

Белгилүү басылма Кыргызстанды кооз жаратылышы, бай маданий мурасы жана салттуу меймандостугу менен айырмаланарын белгиледи. Ошондой эле өлкө туризмди өнүктүрүү менен айлана-чөйрөнү коргоонун ортосундагы тең салмакты сактап жатканын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, бул тизмеге ошондой эле Гана, Франция, Шотландия, Италия жана Эквадор да кирди.

Автор: Айдай Ахматова


0%