- Ташкент — Чолпон-Ата эл аралык автобус каттамы 11-июнда башталат.
- Борбор калаада асма жолдун курулушу башталат.
- Кыргызстандыктар кол күрөш боюнча дүйнө чемпионатында үч медаль алышты.
- 11-июндан тарта Ташкент менен Чолпон-Атанын ортосунда эл аралык автобустар каттай баштайт. Бул тууралуу Өзбекстандын Транспорт министрлигинен билдиришти. Каттамдар күн сайын борбор калаанын борбордук автовокзалынан жөнөтүлөт. Жаңы маршрут Кыргызстанга эс алууга барган жарандар үчүн саякатты жөнөкөйлөтүүнү көздөйт.
- Быйыл борбор калаада биринчи асма жолдун курулушу башталат. Бул тууралуу социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынан билдиришти. Жол Жибек Жолу проспектисинен Чыңгыз Айтматов багыты боюнча Түштүк магистралга чейин өтөт. Долбоор инвестордун эсебинен ишке ашырылат, аяктоо 2028-жылга пландаштырылган.
- Түркияда өткөн кол күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргыз спортчулары мыкты жыйынтык көрсөтүштү. Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча, күмүштү Кундузбек Турсунбеков жеңип алды. Коло сыйлыктар — Нурсултан Көккөзов жана Азат Жумабаевде.
Автор: Диана Дуйшоналиева