play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

новости

today11.06.2025 9 1

Background
share close
  • cover play_arrow

    новости Диана Дуйшоналиева

  • Табият зоналарындагы курорттор үчүн жерди ижарага алуу жөнөкөйлөштүрүлөт.
  •  Аялуу үй-бүлөлөрдүн балдары Ысык-Көлгө эс алууга чыгышты
  • Кыргызстан биринчи жолу спорттук туризм боюнча дүйнө чемпионатын өткөрөт

 

  • Кыргызстанда өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарындагы жерлерди ижарага алуу тартиби жөнөкөйлөштүрүлдү. Министрлер кабинети мамлекеттик менчикте участокторду берүүнү жөнгө салуучу токтомго өзгөртүүлөрдү киргизди.

Эми дарылоо-ден соолукту чыңдоо объектилери үчүн пайдаланылуучу жер «Жер кодексинде» белгиленген чектөөлөрдү сактоо менен ижарага берилиши мүмкүн.

Чечим туруктуу өнүгүү максатында, анын ичинде Ысык-Көлдүн жээгинде кабыл алынды. Документ 20-июнда күчүнө кирет.

 

  • Ушул жайда социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдөн 1200 бала Ысык-Көлдө эс алат. Биринчи агым — Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынан жана Бишкектен келген 500 бала көлгө аттанды.

Жайкы эс алууну уюштурууга мамлекеттик бюджеттен 15 миллион сом бөлүнгөн. Программа балдардын ден соолугун чыңдоого жана жашоо шартын жакшыртууга багытталган.

 

  • 18-июндан 22-июнга чейин Чуңкурчак капчыгайында эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу тоо аралыктарында спорттук туризм боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Спорт туризми федерациясынын жетекчиси Владимир Агафонов билдирди.

Анын айтымында, спортчулар өлкөнү татыктуу көрсөтүү үчүн турнирге активдүү даярданып жатышат. Ар кайсы өлкөлөрдөн командалардын катышуусу күтүлүүдө, ал эми чемпионаттын өзү спорттук иш-чара гана эмес, кыргыз тоолорунун кооздугун эл аралык деңгээлде көрсөтүү мүмкүнчүлүгү да болот.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%