play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

новости

today13.06.2025 28

Background
share close
  • cover play_arrow

    новости Диана Дуйшоналиева

  • Күзүндө пенсиянын кезектеги жогорулашы күтүлүүдө
  • Tunduk тиркемеси аркылуу ипотекага кезекке турса болот
  • Социалдык тармактарды эки саат бою кароо депрессия жана тынчысздануу сезимин өрчүтөт

 

  • Күзүндө пенсиянын кезектеги жогорулашы күтүлүүдө. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди. Анын айтымында, бул максатта мамлекеттик бюджетте 1 миллиард 200 миллион сом каралды. Орточо эсеп менен пенсия 7 пайызга жогорулайт.

Эске салсак, өткөн жылы өлкөдө пенсиянын эң аз өлчөмү жашоо минимумуна жеткирилген. Бул жылкы көбөйтүү дагы октябрга туура келет жана пенсионерлердин бардык категорияларына тиешелүү болот.

 

  • Эми Tunduk тиркемеси аркылуу мамлекеттик ипотекалык компаниядан үй алууга кезекке турса болот. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынан билдиришти.

Белгиленгендей, буга болгону 2-3 мүнөттүк убакыт кетет жана бардык маалымат автоматтык түрдө толтурулат.

Бул жарандар үчүн шарттарды жеңилдетүүгө багытталган дагы бир реалдуу кадам, — деп айтылат маалыматта.

 

  • Социалдык тармактарды эки саат бою кароо депрессия жана тынчысздануу сезимин өрчүтөт. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, жаштар арасында депрессиянын белгилери эки эсе өстү, ал эми тынчыздануу сезими — төрт эсе.

Учурдагы муундун ар экинчи өкүлү психологго кайрылса, 4 жыл мурда мындай маселе болгону 15 пайызда катталган.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%