- Бишкектеги Лев Толстой жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши жабылат
- Бишкектин бир бөлүгүндө суу жок болот
- Кыргызстанда орточо айлык 41 миң 339 сомду түздү
- Бүгүн кечки саат 7ден эртең таңкы саат 8ге чейин Бишкектеги Лев Толстой жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши жабылат. Муниципалитеттен билдиришкендей, бул убакыт ичинде жолду капиталдык оңдоо иши жүрөт. Айдоочулар каттамды алдын ала пландап алышы керек.
- Бишкектин бир бөлүгүндө суу жок болот. Мэриядан билдиришкендей, 17-июлда эртең мененки саат 10дон кечки 5ке чейин суу Молдокулов жана Шоокум көчөлөрүндө өчүрүлөт. Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.
- Кыргызстанда орточо айлык 41 миң 339 сомду түздү. Ушул жылдын январь айынан май айына чейинки маалымат менен Улуттук статистика комитети бөлүштү. Өткөн жылдын ушул мезгил аралыгына салыштырмалуу көрсөткүч 19 пайызга өстү. Маянанын эң көп өсүшү курулуш, кыймылсыз мүлк менен операциялар, административдик ишкердүүлүк тармактарында катталды. Андан тышкары, каржы, энергетика, маалымат жана байланыш, транспорт, логистика тармактарынын кызматкерлеринин кирешеси көбөйдү.
Автор: Диана Дуйшоналиева