play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today28.07.2025 4

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

  • Банкоматтар жана мобилдик тиркемелер мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн жеткиликтүү болот
  • Ысык-Көлдөгү пляждардагы күн чатырдын баасы 200 сомдон ашпашы керек
  • Ала-Тоо аянтына Манастын жаңыланган айкели орнотулду

 

  • 1-августтан тартып банкоматтар жана мобилдик тиркемелер мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жеткиликтүү болушу керек. Мындай чечимди Улуттук банк кабыл алды. Маалыматка ылайык, банкоматтардын, терминалдардын жана колдонмолордун интерфейстеринде шрифтти, контрасттуулукту, үн деңгээлин өзгөртүү жана текстти үн менен коштоо функциялары каралышы керек. Бул көрүүсү начар адамдарга керектүү операцияларды коопсуз жана өз алдынча аткарууга мүмкүнчүлүк берет. 1-августтан баштап бардык банкоматтар жана терминалдар жаңы стандарттарга жооп берүүгө милдеттүү. Ал эми учурда орнотулган жабдуулар 2030-жылга чейин этап-этабы менен ылайыкташтырылат.

 

  • Ысык-Көлдөгү пляждардагы күн чатыр менен шезлонгдордун бир күндүк баасы 200 сомдон ашпашы керек. Бул туралуу Чолпон-Ата шаарынын мэри Азамат Арнабек уулу билдирди. Калаа башчысынын айтымында, эреже боюнча пляжга кирүү да акысыз. Эске салсак, буга чейин Ысык-Көлдөгү айрым эс алуучулар зонттордун баасын саатына эсептеп, бир нече эсе жогорулатып жиберген жергиликтүүлөргө нааразы болгон видео социалдык тармактарда тараган. Ошондой эле пляжга кирүүгө акы талап кылгандар боюнча да Интернетте нааразычылык жаралган.

 

  • Бишкектеги Ала-Тоо аянтына Манастын жаңыланган айкели орнотулду. Долбоорго ылайык жаңы постаменттин бийиктиги 22 метрден ашат, туурасынын төмөнкү тарабы 6 метрден ашык аралыкка чейин кууш. Манастын өзүнүн скульптурасынын бийиктиги 10 метрди түзөт.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%