play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today08.08.2025 18

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

  • Аймактардагы мугалимдерге 27 миңден ашык ноутбук жөнөтүлдү
  • Жыл башынан бери өлкөдө 36 миң 267 жаранга пенсия чектелди
  • Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы “Ала-Тоо Резорт” ири тоо-лыжа курортунун курулушуна старт берилет

 

  • Кыргызстанда чогултулган «Алтын Казык» ноутбуктары аймактардагы мугалимдерге жөнөтүлдү.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, жалпысынан 27 миң 31 ноутбук берилди. Алар STEM предметтеринин мугалимдерине тапшырылат.

Белгилеп кетсек, бул ноутбуктар үч ай бою Каракол шаарындагы мугалимдер тарабынан сыноодон өткөрүлгөн. Ичинде педагогдордун күнүмдүк ишине керектелүүчү программалар жана методикалык колдонмолор орнотулган.

 

  • Ушул жылдын январь-июль айларында Кыргызстанда 36 миң 267 жаранга пенсия чектелди. Социалдык фонддон билдиришкендей, анын ичинен июль айында 3 миң 705 жаран пенсияга чыккан.

    Мындан тышкары, 1 миң 307 пенсионердин пенсиясы эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча кошумча документтердин негизинде кайра эсептелди.

 

  • Бүгүн Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы “Ала-Тоо Резорт” ири тоо-лыжа курортунун курулушуна старт берилет.

    “Жыргалаң”, “Ак-Булак” жана “Боз-Учук” курортторун бириктирген комплексте 250 чакырым тоо-лыжа жолдору, ар кандай категориядагы конок үйлөр, коттедждер жана этно шаарча, конференц-залдар курулат.

    “Ала-Тоо Резорт” комплекси жылына 2 миллион турист кабыл алат.  Долбоор толугу менен ишке киргенде 5 миңге жакын жумуш орду түзүлөт деп күтүлүүдө.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%