play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

today14.08.2025 17

Background
share close
  • cover play_arrow

    Диана Дуйшоналиева

  • «Кыргыз почтасы» пенсияны жеткирүүдөн эки пайыздык комиссия албайт. «Кыргыз почтасы” пенсияны жеткирүү үчүн эки пайыз комиссия алынары тууралуу маалыматты төгүндөдү. Буга чейин аталган ишкана 2026-жылдан тарта пенсия жана жөлөк пул жеткирүү үчүн комиссия ала турганы, бул чара 2027-жылдын 31-декабрына чейин колдонулары кабарланган. Бирок бул маалымат чындыка туура келбей турганы белгиленди. «Кыргыз почтасынын” кызматкерлери пенсияны акысыз түрдө пенсионерлердин үйлөрүнө жеткиришет. Аларга тиешелүү төлөмдү Социалдык фонд жүргүзөт», — деп айтылат маалыматта.

 

  • Чоң Чүй каналын көрктөндүрүү жана реконструкциялоо иштери башталды. Бишкекте Чоң Чүй каналын көрктөндүрүү жана реконструкциялоо иштери башталды.Муниципалитеттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, анын алкагында жээк бекемдөө, каналдын нугун тазалоо, авариялык дарактар менен таштандылардан арылуу иштери аткарылат.

    Бардык жумуштарды бир айдын ичинде бүтүрүү пландалууда.

 

  • Бишкектеги «Кудайберген» базарынын аймагында спорт аянтчасы түзүлүп, аймакты оңдоо иштери жүргүзүлөт.

    Шаардык мэриянын маалыматына караганда, шаар башчысы Профсоюзная көчөсүндөгү — Фучик көчөсүнөн тартып Патрис Лумумба көчөсүнө чейинки 2 чакырымдык жаңы сквер курула турган жер тилкесин карап чыкты. Азыркы учурда бул аймакта демонтаж жана тазалоо иштери жүрүүдө.

    Ошондой эле, Биринчи Май райондук акимиатына жашоочулар үчүн спорттук аянтча түзүү мүмкүнчүлүгүн кароо тапшырмасы берилди.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%