play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

diana

299 Results / Page 1 of 34

Гости эфира

Avenir School жана Avenir College

Бүгүн «Билим берүү лигасы» долбоорунун алкагында Avenir School жана Avenir College жетекчилери Кеңешбеков Нурсултан жана Жоомарт Жолдошбай уулу «Авторадионун» түз эфиринде конокто болушту. Маектин жүрүшүндө мектеп жана колледждеги окуу шарттары, билим берүү программалары, заманбап технологияларга басым жасалган багыттар жана окуучулар менен студенттер үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр тууралуу сөз болду. Ошондой эле Avenirде билим берүүгө болгон заманбап мамиле, балдардын жөндөмүн өнүктүрүү жана келечектеги кесипке даярдоо маселелери талкууланды. 🎙️ Эфирдин толук жаздыруусун төмөнкү […]

today12.09.2026 4

Гости эфира

Жанадил Салымбеков жана Калипа Таштанова

«Жасалма жигит» тасмасынын актёрлору Авторадио эфиринде! Кыргызстандык кино сүйүүчүлөр үчүн жакшы жаңылык — 10-сентябрда «Жасалма жигит» жаңы комедиясынын премьерасы болот. Тасманын бет ачарына аз калганда биздин эфирге фильмде башкы ролдордун бирин жараткан актёр Жанадил Салымбеков жана белгилүү актриса Калипа Таштанова конок болуп келишти. Түз эфирдеги маекте актёрлор «Жасалма жигит» тасмасы, өздөрүнүн каармандары, тартуу процесси жана съёмка учурундагы кызыктуу окуялар тууралуу айтып беришти. «Жасалма жигит» — режиссёр Эрмек Талайбековдун жаңы комедиясы. […]

today08.09.2026 21

Гости эфира

Азамат Арыков жана Айдана Асанова

Бүгүн «Адамга адам керек» тасмасынын режиссеру - Азамат Арыков жана башкы ролдогу актриса - Айдана Асанова менен кызыктуу маек өттү. Эфир учурунда тасманын жаралуу тарыхы, тартуу процесси жана алдыдагы премьера тууралуу сөз болуп, көрүүчүлөр үчүн кызыктуу болгон бир катар фактылар айтылды. Өзгөчө көңүл тасманын инклюзивдүү форматына бурулду. Мындан тышкары, тасмада Dolby 5.1 көп каналдуу үн системасы колдонулганы айтылды. Эфирдин толук жаздыруусун угуп, тасманын жаратуучуларынан эксклюзивдүү маалыматтарды билип алыңыз!

today03.09.2026 20

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Чыңгыз  Казиев Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет. Ал эми буга чейин аталган кызматты аркалап келген Венера Кулатаева Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп бекитилди. Тиешелүү тескемелерге ЖК төрагасы Марлен Маматалиев кол койду.   VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Кырчын жайлоосунда коомдук коопсуздукту милиция жана аскер кызматкерлери камсыздоодо. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, тоолуу аймактагы тартипти атчан милиция […]

today02.09.2026 32

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

«Бишкек Аренада» алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына расмий түрдө старт берилди. Бул масштабдуу иш-чарага дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүнөн келген спортчулар катышууда. Көчмөндөр оюндары көчмөн цивилизациясынын мурасын, тынчтык жана достук баалуулуктарын даңазалайт. Оюндар 6-сентябрга чейин уланат. Салтанаттуу ачылыштан кийин спорттук мелдештер жана маданий программалар Ысык-Көл облусунда өткөрүлөт.    Президент Садыр Жапаров «Бишкек Аренада» өткөн алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө бул форум дүйнө элдеринин маданий мурасын сактоодо […]

today01.09.2026 21

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

 Монголиянын президенти Ухнаагийн Хүрүлсүх иш сапары менен Кыргызстанга келди. Жогорку даражалуу конокту «Манас» аэропортунан Акылбек Жапаров тосуп алды. Монголиянын лидери ШКУнун жыйынына жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышат. Аэропортто конокко Көчмөндөр оюндарынын символу болгон илбирстин оюнчугу белек кылынды.   Ички иштер жана Өзгөчө кырдаалдар министрлери «Мадина» базарынын соодагерлери менен жолукту. Кырсыктан 50дөн ашык контейнер жабыркап, эки куткаруучу жаракат алды, каза болгондор жок. Министр Улан Ниязбеков өрт эртең мененки саат 08:23тө […]

today31.08.2026 23

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ыктыярчылары үчүн атайын мобилдик тиркеме иштелип чыкты. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, «Санариптик технологиялар борбору» «Волонтер» деп аталган жаңы сервисти ишке киргизди. Бул санариптик курал оюндар учурунда ыктыярчыларга керектүү маалыматтарды ыкчам алууга жана иш-чара өтүүчү аянтчаларда багыт табууга жардам берет. Ошондой эле тиркеме аркылуу өзгөчө кырдаалдарда тиешелүү кызматтарга тезинен билдирүү жөнөтүп, өз убагында жардам алууга шарт түзүлгөн.   «Мета» компаниясы өспүрүмдөрдүн коопсуздугун коргоо үчүн 17 миллиард доллар төлөөгө макул […]

today28.08.2026 19

Гости эфира

«Байлото»

На Авторадио состоялся эфир о «Байлото» — профессиональной лотерее в Кыргызстане. В эфире обсудили, как работает лотерейная система, особенности моментальных лотерей, безопасность и проверку участников через систему «Түндүк», а также принципы ответственной игры и участие только лиц старше 18 лет. Гость студии — заместитель директора Государственной лотерейной компании КР Жоро Муктарбекович Абралиев.

today27.08.2026 59

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

 «Ынтымак Ордодо» чет мамлекеттердин элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алуу аземи өттү. Президент Садыр Жапаров Монголиянын жана Казакстандын жаңы дайындалган элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды. Муну менен дипломаттар Кыргызстандагы ишмердигин расмий түрдө башташты. Мамлекет башчысы элчилерди куттуктап, алардын алдыдагы иштери өлкөлөр ортосундагы саясий диалогду тереңдетүүгө, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө чоң өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.    Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо иштеринин алкагында адистер үчүн убактылуу шаарча курула баштады. Долбоор боюнча 1943-жылы курулган станциянын жабдуулары […]

today27.08.2026 17

0%