play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

167 Results / Page 2 of 19

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Чыңгыз  Казиев Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет. Ал эми буга чейин аталган кызматты аркалап келген Венера Кулатаева Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп бекитилди. Тиешелүү тескемелерге ЖК төрагасы Марлен Маматалиев кол койду.   VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Кырчын жайлоосунда коомдук коопсуздукту милиция жана аскер кызматкерлери камсыздоодо. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, тоолуу аймактагы тартипти атчан милиция […]

today02.09.2026 32

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

«Бишкек Аренада» алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына расмий түрдө старт берилди. Бул масштабдуу иш-чарага дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүнөн келген спортчулар катышууда. Көчмөндөр оюндары көчмөн цивилизациясынын мурасын, тынчтык жана достук баалуулуктарын даңазалайт. Оюндар 6-сентябрга чейин уланат. Салтанаттуу ачылыштан кийин спорттук мелдештер жана маданий программалар Ысык-Көл облусунда өткөрүлөт.    Президент Садыр Жапаров «Бишкек Аренада» өткөн алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө бул форум дүйнө элдеринин маданий мурасын сактоодо […]

today01.09.2026 21

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

 Монголиянын президенти Ухнаагийн Хүрүлсүх иш сапары менен Кыргызстанга келди. Жогорку даражалуу конокту «Манас» аэропортунан Акылбек Жапаров тосуп алды. Монголиянын лидери ШКУнун жыйынына жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышат. Аэропортто конокко Көчмөндөр оюндарынын символу болгон илбирстин оюнчугу белек кылынды.   Ички иштер жана Өзгөчө кырдаалдар министрлери «Мадина» базарынын соодагерлери менен жолукту. Кырсыктан 50дөн ашык контейнер жабыркап, эки куткаруучу жаракат алды, каза болгондор жок. Министр Улан Ниязбеков өрт эртең мененки саат 08:23тө […]

today31.08.2026 23

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ыктыярчылары үчүн атайын мобилдик тиркеме иштелип чыкты. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, «Санариптик технологиялар борбору» «Волонтер» деп аталган жаңы сервисти ишке киргизди. Бул санариптик курал оюндар учурунда ыктыярчыларга керектүү маалыматтарды ыкчам алууга жана иш-чара өтүүчү аянтчаларда багыт табууга жардам берет. Ошондой эле тиркеме аркылуу өзгөчө кырдаалдарда тиешелүү кызматтарга тезинен билдирүү жөнөтүп, өз убагында жардам алууга шарт түзүлгөн.   «Мета» компаниясы өспүрүмдөрдүн коопсуздугун коргоо үчүн 17 миллиард доллар төлөөгө макул […]

today28.08.2026 19

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

 «Ынтымак Ордодо» чет мамлекеттердин элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алуу аземи өттү. Президент Садыр Жапаров Монголиянын жана Казакстандын жаңы дайындалган элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды. Муну менен дипломаттар Кыргызстандагы ишмердигин расмий түрдө башташты. Мамлекет башчысы элчилерди куттуктап, алардын алдыдагы иштери өлкөлөр ортосундагы саясий диалогду тереңдетүүгө, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө чоң өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.    Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо иштеринин алкагында адистер үчүн убактылуу шаарча курула баштады. Долбоор боюнча 1943-жылы курулган станциянын жабдуулары […]

today27.08.2026 17

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда “Ырыс Ордо” мамлекеттик конгресс-борбору расмий ачылды.Салтанатка бийлик өкүлдөрү, элчилер жана эл аралык уюмдардын жетекчилери катышты. Мамлекеттин эсебинен курулган бул заманбап комплекс мындан ары ири эл аралык саммиттерди жана форумдарды өткөрүү үчүн колдонулат. 14,7 гектар аянтты ээлеген борбордо башкы имарат жана коноктор үчүн 8 мейман үйү бар. Анын ичинде 1238 орундуу “Курултай” залы, 1000 кишилик банкет залы жана пресс-борбор жайгашкан.   Бишкектин айрым көчөлөрүндө оңдоо иштеринен […]

today26.08.2026 22

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Бүгүн, 20-августта "Манас" аэропортуна алып баруучу жолдун бир тарабы бир күнгө жабылды. Бишкек мэриясынан билдиришкендей, чектөө оңдоо иштерине байланыштуу. Тактап айтканда Чоң Чүй каналынан Пригородное айылына чейинки тилкеде жол кыймылы токтотулду.   Бишкектин «Ала-Тоо» аянтындагы массалык мушташтын бардык катышуучулары аныкталып, Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди.Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы билдиргендей, кармалгандардын баары жашы жете элек өспүрүмдөр болуп чыкты. Милиция кызматкерлери алар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, окуянын чоо-жайын такташты. […]

today20.08.2026 53

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

 «Бишкек Арена» стадионуна Көчмөндөр оюндарынын ачылышында коопсуздук үчүн төмөнкү буюмдарды алып кирүүгө тыюу салынат:.Идиш жана тамак-аш: Айнек бөтөлкө, банка, термос, сырттан алынып келинген тамак-аштар  жана суусундуктар.Техника: Уруксатсыз кесипкөй камералар, дрондор жана чоң рюкзак, чемодандар.Коркунучтуу буюмдар: Курал, бычак, газ баллондору, фейерверк жана пиротехника.Үн күчөткүчтөр: Музыкалык аспаптар, ышкырыктар жана мегафондор.Бул буюмдардын бардыгы стадиондун кире беришинен текшерүү учурунда алып калынат.   Кыргызстанда калк кышкы жылытуу мезгилине алдын ала даярданып, көмүр сатып ала баштады.«Кыргызкөмүр» […]

today18.08.2026 25

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

«Манас» аэропорту 31-августта жана 1-сентябрда өзгөчө тартипте иштейт.«Кыргызстан аэропорттору» ишканасы билдиргендей, бул күндөрү чоң эл аралык жыйындарга чет өлкөлүк президенттер жана расмий коноктор учуп келишет. Алардын коопсуздугу үчүн күндүз кадимки жүргүнчүлөр учкан учактарга чектөө киргизилет: 31-августта саат 09:00дөн 20:00гө чейин, ал эми 1-сентябрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин айрым каттамдар убактылуу токтотулат. Көрсөтүлгөн сааттардан сырткары убакта аэропорт учактарды кадимкидей эле кабыл ала берет.    Бишкекте Көчмөндөр оюндарынын ачылышын жана ШКУ саммитин […]

today16.08.2026 36

0%