КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ
Өкмөт күйүүчү майдын баасынын көтөрүлүшүн алдын алуу үчүн салыктык жеңилдиктерди киргизет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. Ал дүйнөлүк биржаларда дизел эки эсеге, бензин 60-70 пайызга кымбаттаганын, өкмөт Кыргызстанда баанын кескин кымбатташын алдын алуу чараларын көрүп жатканын тактады. Күйүүчү май ташуу жана сатууда айрым салыктар алына, бул боюнча токтомдор даярдалууда, — деди Касымалиев. Эске салсак, Мунай ташуучулар биримдиги Кыргызстанда 30-35 күнгө жете турган күйүүчү май запасы бар экенин маалымдаган. […]