play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

RU

157 Results / Page 1 of 18

RU

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Бүгүн өлкөдө 60 өнөр жай ишканасы ачылды.Президент Садыр Жапаров Талас облусундагы төө буурчакты сатып алуу, кайра иштетүү жана экспорттоо заводунун ачылыш аземинде алардын ишке берилишине онлайн режиминде старт берди.Белгилей кетсек, өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата күн мурун, 11-сентябрда жалпысынан 105 социалдык объект ачылган.   Бүгүн, 12-сентябрда Талас шаарынын борбордук аянтында Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаранын алкагында чоң концерттик программа тартууланат.Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, концерттик программага кыргыз […]

today12.09.2026 11

RU

КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-сентябрда, “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылышына катышты.Иш-чара улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун кичи мекени - Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында өттү.   Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата Баткен облусунда төрт жаңы өнөр жай объектиси пайдаланууга берилди.Алардын арасында мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү, кургак курулуш аралашмасын өндүрүүчү, шагыл майдалоочу цехтер жана тоо-кен ишканасы бар. Жаңы объекттер аймактын экономикалык потенциалын жогорулатууга багытталган.   Бүгүн, 12-сентябрда Талас шаарынын […]

today12.09.2026 8

play_arrow

RU

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

                Бүгүн, 11-сентябрда Талас шаарынын башкы аянтында өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата уюштурулган чоң майрамдык концерт башталды.Салтанаттуу кечеге президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен бирге катышууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, чет өлкөлүк жана ата мекендик жылдыздар өнөр тартуулаган бул концертти көрүү үчүн аянтка 40 миңге жакын адам чогулду. Коопсуздукту камсыз кылуу жана элдин өтө көптүгүнө байланыштуу аянтка көрүүчүлөрдү киргизүүу бактылуу чектөөлөр менен […]

today11.09.2026 10

play_arrow

RU

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

  Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата өлкө боюнча 165 социалдык жана өндүрүштүк объект ишке кирет.Президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев билдиргендей, ачыла турган имараттардын 105и социалдык объект, ал эми 60ы өндүрүштүк ишкана болуп саналат. Салтанаттуу иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, өлкө аймагындагы бир катар объекттерди түз байланыш аркылуу онлайн форматта ишке киргизет.     «Бала ырысы» ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөк пулунун кезектеги төлөмүнө 285 миллион сомдон ашык каражат бөлүндү.Эмгек […]

today11.09.2026 14

play_arrow

RU

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

                   Президент Садыр Жапаров өлкөнүн Көз карандысыздык күнүнө карата мамлекеттик сыйлыктарды жана ардактуу наамдарды ыйгаруу тууралуу жарлыкка кол койду.Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, сыйлыктар Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон, ошондой эле өз кесибинде чоң жетишкендиктерге жетишкен жарандарга берилет.           Кыргызстанда түрк дооруна таандык таш айкелдердин санариптик маалымат базасы жана 3D моделдери түзүлүүдө.«Улуу […]

today10.09.2026 24

play_arrow

RU

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

              Аяз Баетов Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү болуп дайындалды.Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.               Нарын облусунда күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында элүү тогуз жогорку чыңалуудагы көмөк чордонду оңдоо иштери жүрүүдө.Нарын электр тармактар ишканасынан билдиришкендей, учурда пландалган объекттердин кырк экисинде капиталдык оңдоо иштери толугу менен аяктады. Анын ичинде негизги «Нарын-бир» көмөк чордонундагы ири […]

today09.09.2026 21

play_arrow

RU

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

          Дайырбеков Айбек Усөнбекович маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.            «Дүйнө сулуусу — 2026» наамын Доминикан Республикасынан келген 24 жаштагы мугалим кыз жеңип алды.Вьетнамда өткөн сулуулук сынагына жүздөн ашык өлкөнүн кыздары катышты. Бул сынакка Кыргызстандын атынан катышкан 26 жаштагы Саадат Асылбекова тилекке каршы мыкты кырк […]

today08.09.2026 24

play_arrow

RU

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

             Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эстафетасы Татарстанга өткөрүлүп берилди.Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «Биримдик кербени» аркылуу облустарды аралап келген көөкөрдөгү тоо суусун Татарстандын раиси Рустам Миннихановго жана Орусиянын спорт министринин орун басары Алексей Морозовго тапшырды.Эми VII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2028-жылы Татарстанда өтөт. Бул демилге боюнча Орусия тарап Кыргызстанга расмий кат жөнөткөнү буга чейин белгилүү болгон.Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары көчмөн цивилизациясынын маданиятын дүйнөгө жайылтуу максатында Кыргызстан тарабынан демилгеленген. […]

today07.09.2026 32

play_arrow

RU

КҮНДҮН ЖАНЫЛЫКТАРЫ

  Жаңы «Ош» базары 100 пайыз мамлекетке таандык болот. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында, базардын курулушу 90 пайызга аткарылды. Жакынкы айларда пайдаланууга берүү пландалууда.Жаңы базар санариптик форматта иштеп, соодагерлерди эски базардан жаңы имаратка көчүрүү башталат. Анда заманбап соода жайлары, унаа токтотуучу жай жана башка керектүү инфраструктура каралат.                 Биринчи айым Айгүл Жапарова балдары жана неберелери менен Кырчын […]

today04.09.2026 59

0%