КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ
Ордо калаанын бир бөлүгүндө 3-ноябрда суу жок болот. Мэриядан билдиришкендей, эртең мененки саат 10дон кечки 10го чейин суу Асаналиев, Алтымышев, Бакаев жана Циолковский көчөлөрүн бириктирген бөлүктө өчүрүлөт. Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу. Эртеңден тарта кыргызстандыктар насыя алууга өзүнө өзү тыюу сала алат. Санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамангулов билдиргендей, жаңы сервис Түндүк тиркемесинде жеткиликтүү болот. Эми жарандар өздөрүн алдамчылардан сактануу же каржылык кызыкчылыктарын коргоо максатында тиркемеге кирип, тиешелүү кызматты тандап, арызды […]