КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ
Токтогул ГЭСинде төртүнчү гидроагрегатты оңдоо иштери аяктады. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, реконструкцияны франциялык компания аткарып, жумуштар 3 айды талап кылды. Жаңыланган Токтогул ГЭСинин кубаттулугу 240 мегаваттка көбөйүп, 1 миң 440 мегаватты түздү. Ошондой эле заманбап автоматташкан башкаруу системасы орнотулду. Иштердин башкы максаты — станциянын эксплуатация мөөнөтүн узартуу болуп саналат. Кышкы жалпы республикалык тестирлөөгө 700дөн ашык абитуриент катталды. Бул тууралуу билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришти. Өз убагында каттоодон өтүүгө […]