КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ
Кыргызстанда күйүүчү майдын баасын кармап туруу үчүн субсидия маселеси каралууда. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ички рынокту күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо боюнча кеңешме өткөрдү. Жыйынга бензин, солярканы жеткирүү жана сатуу менен алектенген чоң компания-нефтетрейдерлердин жетекчилери катышты. Анда дүйнөлүк рыноктордо туруксуздук улана берген учурда колдонула турган кошумча каржылык жана салыктык инструменттер дыкат иштелип чыкты. Тагыраагы, өкмөт мамлекеттик түз субсидиялоо маселесин караштырууда. Акыркы 10 жылдын ичинде Ысык-Көлдө суунун деңгээли 47 см […]