КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ
Кыргызстан менен Азербайжан мугалимдерди алмашуу долбоорун баштады.Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, азербайжандык педагог Бишкектеги №103 жана №20 мектептерде азербайжан тилинен сабак берет. Ал эми кыргызстандык мугалим Азербайжанга барып, кыргыз тили жана адабиятынан сабак өтөт. Бул демилге эки өлкөнүн маданий жана билим берүү байланыштарын чыңдоону көздөйт. Ош шаарынын Жапалак айыл аймагындагы 9 айылга газ түтүктөрү тартылып, 5 миң кожолук жаратылыш газы менен камсыз болду.Муниципалитеттин маалыматы боюнча, бул жумуш Ош шаарынын […]