play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

Month: Октябрь 2026

42 Results / Page 1 of 5

Гости эфира

Компаньон

20261012-180000 «Компаньон» Банкынын 22 жашта! «Авторадио» «Компаньон» Банкынын 22 жылдык мааракесине арналган тематикалык эфир өткөрдү. Эфирдин коногу — «Компаньон» Банкынын HR-директору Самат Ниязбеков болду. Маектин жүрүшүндө банктын өнүгүү тарыхы, санариптик трансформациясы, мобилдик тиркеменин мүмкүнчүлүктөрү жана кардарларды тейлөөдөгү заманбап чечимдер талкууланды. Ошондой эле кызматкерлердин кесиптик өнүгүүсү, корпоративдик маданият жана банктын келечектеги пландары тууралуу сөз болду. Эфир «Компаньон» Банкынын 22 жылдык тажрыйбасын жана санариптик өнүгүү багыттарын угармандарга таанытууга багытталды.

today29.10.2026 21 2

Гости эфира

Lactoflorene

На «Авторадио» состоялся тематический эфир о здоровье и иммунитете В октябре на «Авторадио» состоялся тематический радиоэфир с участием представителей бренда Lactoflorene® Гастро, посвящённый вопросам заботы о здоровье и поддержания иммунитета в осенний период. В ходе беседы представители бренда рассказали о важности комплексного подхода к здоровью, роли пробиотиков в поддержании организма и особенностях продукта Lactoflorene® Гастро. Участники эфира также обсудили влияние сезонных изменений на самочувствие, важность сбалансированного питания и здорового образа […]

today29.10.2026 14

play_arrow

RU

КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Бишкек шаарынын мэриясында жаңы кадрдык дайындоолор болду.Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун милдетин убактылуу аткаруу анын орун басары Абдыжапаркул Жанболотовго жүктөлдү. Ал эми аталган департаментке караштуу “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын директору болуп Артур Омурзаков дайындалды. Буга чейин бул кызматты аркалап келген Талантбек Капаров башка кызматка — “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын директору болуп дайындалды.     27-октябрда саат 09:00дөн 00:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында таза […]

today26.10.2026 96

play_arrow

KG

КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

16-февралды Мамлекеттик материалдык резерв кызматкерлеринин күнү катары белгилөө сунушталды.Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тиешелүү токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Бул дата 1938-жылы Орто Азия боюнча Резервдер башкармалыгынын түзүлүшү менен байланыштуу. ӨКМдин маалыматы боюнча, жаңы кесиптик майрам өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыздап, пандемия жана кризис учурунда гуманитардык көмөк көрсөткөн кызматкерлердин кадыр-баркын көтөрүүгө багытталган.     27-октябрда саат 10:00дөн 18:00гө чейин Бишкектин Түндүк айланма жолу тарабындагы айрым аймактарда таза суу убактылуу токтотулат.Калаа мэриясынын басма сөз […]

today26.10.2026 38

Гости эфира

Жеңиш Майрамбек уулу, Бакыт Осмонканов

«Авторадио Бишкек» эфиринде «Кул» тасмасы тууралуу маек өттү Бүгүн «Авторадио Бишкек» радиосунун эфиринде конокто актёр Жеңиш Майрамбек уулу жана режиссер Бакыт Осмонканов болушту. Эфир учурунда коноктор 29-октябрда көрүүчүлөргө сунуштала турган «Кул» тасмасы тууралуу маек куруп, тасманын өзгөчөлүктөрү, жаралуу тарыхы жана көрүүчүлөрдү эмне күтүп жатканы жөнүндө ой бөлүшүштү. Маек кызыктуу суроолор, чыгармачылык сырлар жана тасмага болгон кызыгуу менен коштолду. 🎬 «Кул» тасмасынын бет ачары — 29-октябрь! Жаңы тасманы көрүп, кыргыз киносунун […]

today24.10.2026 22

Гости эфира

Lactoflorene

Биздин студиябызда "Lactoflorene" брендинин медициналык өкүлү, Вишникина Дарья конокто болду. Маекте биз ден соолуктун маанилүү бөлүгү болгон жүрөк-кан тамыр системасынын саламаттыгы тууралуу сөз кылдык. Жүрөктүн ишин кантип колдосо болот? Күнүмдүк жашоодо эмнелерге көңүл буруу керек? Туура тамактануу, кыймыл-аракет жана өз убагында ден соолукка кам көрүү эмне үчүн маанилүү? Ушул жана башка пайдалуу суроолорго адис өзүнүн кесиптик көз карашын бөлүштү. Lactoflorene менен биргеликте биз дагы бир жолу маанилүү нерсени эске салдык: […]

today24.10.2026 18

Гости эфира

Нургүл Малабаева

«Авторадионун» эфиринде өзгөчө конок — Нургүл Малабаева, «Ак-Куу» ААКнын жетекчиси болду! Эфирде «Ак-Куунун»ишмердүүлүгү, жумуртка өндүрүү, продукциянын сапаты жана заманбап технологиялартууралуу кызыктуу маек курдук. Быйыл «Ак-Куу» компаниясына 60 жыл! 60 жылданбери кыргызстандыктардын дасторконун сапаттуу продукция менен толуктап келет. Эфирдекомпаниянын белектерин да ойнотуп, угармандарга жагымдуу сюрприз тартууладык! «Ак-Куу»— 60 жылдан бери кыргызстандыктардын дасторконунда!

today24.10.2026 17

play_arrow

RU

КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Базар-Коргон районундагы Кара-Үңкүр дарыясына жаңы суу сактагыч курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Базар-Коргон районунун тургундары менен жолугушкан учурда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, учурда Кара-Үңкүр дарыясына суу сактагыч куруу боюнча долбоорлоо иштери кызуу жүрүп жатат жана ал аяктагандан кийин курулуш иштери башталат. Мындан тышкары, Базар-Коргон шаарын ичүүчү суу менен камсыздоо тутумдарын калыбына келтирүү боюнча долбоордук-сметалык документтер даярдалууда. Ошондой эле аймакка жаңы келген атайын техникалар менен ички чарбалык каналдар тазаланып, сугат […]

today23.10.2026 152

play_arrow

KG

КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

23-октябрда Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Шаардык мэриядан билдиришкендей, чектөө эртең мененки саат ондон кечки онго чейин күчүндө болот. Бул убакыт аралыгында суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу Айни, Жунусалиев, Гагарин, Абдраимов көчөлөрү жана Чыңгыз Айтматов проспектиси менен чектелеген аймактагы турак үйлөргө, мектеп, бала бакча жана ооруканаларга суу берүү токтотулат. Шаардык кызматтар тургундарды жана мекемелерди ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.     Бишкек – Нарын – Торугарт […]

today23.10.2026 121

0%