КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ
Кемин районунда чакан ГЭС курулат. Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, объект Кичи-Кемин айылында жайгашат. Долбоор жеке инвестордун эсебинен курулат. Жалпы баасы — 14 миллион долларды түзөт. Станциянын кубаттуулугу 7,5 МВт болот. Мамлекеттик ипотекалык компания ушул айда кезекте турган жарандарга батирлерди тапшырат. Уюмдун башчысынын орун басары Нургазы Атакановдун айтымында, Бишкекте Маликов, Бекматов, Анкара, Кустанай көчөлөрүндө жана Орто-Сай айылында жайгашкан турак-жай комплекстеринин курулушу аяктап калды. Комплекстерде парковка, социалдык объектилер каралган. Бишкектеги жаңы автобекеттин курулушу быйыл августка чейин аяктайт. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынан […]