КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ
Бишкекте №13, №35, №45 автобус каттамдары убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, автобустардын багыты Жибек Жолу проспектисинин Жаш Гвардия бульварынан Калык Акиев көчөсүнө чейинки бөлүгү жол кыймылы үчүн жабылгандыгына байланыштуу өзгөрдү. Бул тилкеде курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлөт. Мэрия шаар тургундарын алдын ала каттамды пландап, убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат. Бишкектин конуштары үчүн чакан көлөмдөгү 600дөн ашык автобус сатып алуу пландалууда. Мэриянын маалыматына ылайык, автобустар газ жана электр энергиясы менен жүрө турган болот. Узундугу 890 см болгон транспорттор […]