play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today21.08.2025 27

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

  • Мектеп окуучуларынын формасы быйыл өзгөрүүсүз калат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, классикалык стилде тигилген көйнөктөрү ак түстүү, ал эми шым, юбка, костюм, жилеттер кара, күрөң, көк жана кочкул кызыл түстүү болушу шарт.

Жалпы билим берүү уюмдарында спорттук кийимдер жана бут кийимдерди кийип жүрүүгө болбойт.

  • Бишкекте Фрунзе-Осмонкул көчөлөрүнүн кесилиши жабылат. Мэриядан билдиришкендей, аталган тилкеде чектөөлөр 21-августтан 1-сентябрга чейин  киргизилет. Фрунзе көчөсүндө пландуу оңдоо иштери жүргүзүлүүдө жана анын алкагында жылуулук түтүктөрү алмаштырылат.

Айдоочуларга тыгындарды алдын алуу максатында каттамдарын эртелеп пландап алуу сунушталат.

  • Түштүк Кореянын Samsung корпорациясы iPhone үчүн процессорлорду чыгара баштайт. Бул тууралуу Apple компаниясына шилтеме берүү менен Android Authority басылмасы кабарлады. Америкалык компаниянын маалыматына ылайык, алар гаджеттер үчүн процессорлорду Техас штатындагы Остин шаарында жайгашкан Samsung заводунан сатып алышат. Ошол эле учурда, өнөктөш процессорлорду iPhone үчүн да чыгарат . Адистердин айтымында, Samsung буга чейин Apple смартфондору үчүн процессор чыгарган эмес. iPhone үчүн чиптерди TSMC аттуу тайвандык компания өндүрүп келген, анын да АКШда заводдору бар. Ал эми Samsung өзүнүн Exynos процессорлорун чыгарса да, аларды өзүнүн гана түзмөктөрү үчүн колдонуп келет. Ошондой болсо да, бул ири компания Apple смартфондорунун жаралышына салым кошуп жүрөт — iPhone үчүн дисплейлерди, оперативдик эс модулдарын жана микросхемаларды жеткирип турат.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%