play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today22.08.2025 86 36

Background
share close

 

  • Бүгүнтөн тарта Кыргызстанда жүргүнчүлөрдү коммерциялык ташууда оң рулдуу унааларды колдонууга тыюу күчүнө кирет.

    Мындай чектөө таксилерге, маршруттук жана заказ менен жүргөн каттамдарга тиешелүү болот. Укук берүүчү органдар мындай унааларга лицензия берүүнү жана узартууну токтотот, ал эми линияга чыгууга уруксат берилбейт.

    Бул чаранын негизги максаты — жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу жана жүргүнчүлөр үчүн коркунучтарды азайтуу.

 

  • 23-августтан 25-августка чейин Чүй проспектиси менен Курманжан датка көчөсүнүн кесилишинин түштүк бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

    Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарын жол тыгындарын болтурбоо максатында жеке унаанын ордуна коомдук транспортту колдонууга чакырат.

 

  • Дүйнөдөгү эң тынч шаар деп Калифорниядагы Сан-Диего аталды.

    Адистер дүйнөнүн ар кайсы бурчунда жайгашкан 50 ири шаарды салыштырышкан. Алар парктар менен спа-борборлордун саны, абанын сапаты, күндүн чыгуу сааты, жолдордун тыгын деңгээли, жергиликтүү тургундардын өзүн кандайча сезери өңдүү көрсөткүчтөрдү эске алышкан.

    Сан-Диего чоң айырма менен биринчи орунду ээледи. Бул шаарда 266 парк жана корук бар, ал эми жылына дээрлик 300 күн аба ырайы ачык болот.

    Экинчи орунду Сингапур, үчүнчүнү Вена ээледи.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%