play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today25.08.2025 21

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

  • Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пункттары модернизацияланат.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн казак президенти Касым-Жомарт Токаев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасаганда билдирди.

Бул максатта 2003-жылдагы өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү протоколуна кол коюлду. Демилге ийгиликтүү ишке ашса, эки тараптуу соода жүгүртүү 2030-жылга чейин үч миллиард долларга жетери белгиленди.

 

 

  • “Достуктун алтын көпүрөсү” деп аталган композиция Кыргызстандын эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовго жана Казакстандын эл жазуучусу Мухтар Ауэзовго арналган.

    Эстелик кыргыз-казактын боордоштугунун, руханий достугунун, чыгармачылык алака-катышы менен маданий ынтымагынын символу болору белгиленди.

 

  • Бишкекте Ататүрк паркын реконструкциялоо иши башталат.

    Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, Шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан долбоордун алкагында паркты оңдоп-түзөө иши ооган жоокерлерине эстеликти, балдар аянтчаларын, сахнаны, спорт аянтчаларын, иппотерапия аянтчасын куруу, көлмө жана кароол аянтчаларын уюштурууну камтыйт. Ошондой эле чуркоо жана велосипед жолу салынат.

    Жалпы аянты 77 миң чарчы метрди түзгөн жөө адамдар өтүүчү тротуарлар жасалат. Сугат системасы орнотулат жана башка инфраструктуралык иштер жүрөт.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%