play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today01.09.2025 15

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

  • Кыргызстан мектептеринде быйыл 1,5 миллиондон ашык окуучу билим алат. Агартуу министрлигинен билдиришкендей, жалпысынан өлкөдө 2 миң 394 мектеп бар, аларда 93 миңден ашык мугалим эмгектенет. “Алтын Казык” программасынын алкагында мектептер 12 жылдык окуу программасына өтүүдө.

Жаңы билим берүү стандарттары бекитилди. Мугалимдер үчүн жайында атайын тренингдер өткөрүлүп, алар жаңы талаптар жана китептер менен билим берүүгө даяр.

  • Бишкекте жол куруу иштери 20-октябрга чейин толук аяктайт. Бул тууралуу мэриянын транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Абдыжапаркул Жанболотов билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылга 15 көчөнү оңдоп-түзөө планга киргизилсе, анын 7 көчөсүндө жумуштар аяктап, 5 көчө толук кандуу ачылды. Калгандарында жумуштар кийинки айда жыйынтыкталат.

  • Villa Vie Residences круиздик компаниясы өмүр бою улана турчу саякат сунуштайт. Ага каалоочу бир жолу төлөп, жашоосунун аягына чейин саякаттай алат. Суммага тамак аш, суусундуктун түрлөрү, интернет жана жыл сайын медициналык кароо кирет.

Каттам 3,5 жылга эсептелип, 140 мамлекетти басып өткөндөн кийин, круиз кайра башынан башталат.

Бирок ага 55 жаштан өткөндөр гана катыша алат. Болгондо дагы жашы канчалык улуу болсо, круиздин баасы ошончолук арзан болот. Биздин акчага которгондо баа 20 миллион сомдон башталат.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%