play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today02.09.2025 11

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

  • Бишкекте Лев Толстой көчөсүнүн Асаналиев көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

    Тилкеде асфальттын жаңы катмары төшөлүп, бордюрлар орнотулду. Ошондой эле, оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Толстой көчөсүнүн Асаналиев — Бакаев, Садырбаев — Термечиков тилкелери убактылуу жабылды. Тыгындарды алдын алуу максатында айдоочуларга каттамдарын эртелеп пландоо сунушталат.

  • Мунай ташуучулар ассоциациясы Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы кымбатташы мүмкүн экенин билдирди. Уюмдун жетекчиси Канат Эшатов билдиргендей, учурда Россиядагы мунай заводдорунан Кыргызстанга май сатуу боюнча сунуштар азайып, баасы да өсүп жатат. Азыркы баадан дагы 3-4 сомго кымбатташы мүмкүн. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда күйүүчү майга болгон жылдык керектөө 1 миллион 500 миң тоннага чейин жетет. Анын дээрлик               95 пайызы Россиядан сатып алынат.
  • Дүйнөдө жашоого эң кымбат шаар аталды.

Эксперттер тамак-аштын, транспорттун, коммуналдык кызматтардын, турак жайдын баасына баа беришти. Ага ылайык, тизменин сап башына Нью-Йорк чыкты. Т

алдоо Нью-Йоркто жашоо жалпы Кошмо Штаттарга караганда орточо 77%га кымбат экенин көрсөттү. Кийинки орунда Цюрих, Женева, Сан-Франциско, Бостон, Сингапур жана Лондон турат.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%