play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today08.09.2025 17

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

  • Кыргызстанда жыл башынан бери 91 миң 188 ымыркайга “Балага сүйүнчү” берилди.

    Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, каражаттын суммасы дээрлик 366 миллион сомду түздү. Анын ичинен 27 үч эмге 1 миллион 350 миң сом төлөндү.

    Бир жолку төлөмдүн өлчөмү 4 миң сомду түзөт. Эгер бир убакта үч же андан көп бала төрөлсө, ар бирине 50 миң сомдон чегерилет.

    Эске салсак, бул жөлөк пулду алуу үчүн калкты тейлөө борборлоруна же жарандык абалды каттоо органдарына кайрылса болот.

  • Улуттук банктын эл аралык резервдери ушул айдын башына карата 7 млрд 21 млн доллардан ашты. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинин маалымдашынча, бул Кыргызстандын тарыхындагы эң жогорку чек.

    Эл аралык валюталар резерви – бул өлкөнүн акча-насыя саясатын жүргүзүүгө, валюталык рыноктогу курсту кармоого, баалардын туруктуулугун колдоого, мамлекеттин чет өлкөлүк валютадагы милдеттенмелерин тейлөөгө жана башка максаттарга колдонулчу мамлекеттик актив болуп саналат. Резерв негизинен алтын түрүндө сакталат.

  • Ошто Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине арналган кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өткөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

    Маалыматка ылайык, айтыштын тандоо туру 2025-жылдын 11-сентябрында, саат 09:00до Алай райондук маданият үйүндө болот. Финалдык айтыш анын эртеси, Алай районундагы Алымбек датканын жайлоосунда уюштурулат. Эл аралык айтыштын байге фонду 6 000 000 сомду түзөт.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%