play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева
Маалыматка ылайык, тиешелүү келишимге эки тарап кол койду. Каттам Эл аралык жарандык авиация уюмунун заманбап талаптарын жана RNAV-5 навигациялык спецификациясын эске алуу менен иштелип чыккан. Бул тоолуу шарттарда учуулардын коопсуздугун жана натыйжалуулугун камсыз кылат.
Жаңы трасса 1970-жылдары эле болгон тарыхый багытты кайра жандандырат жана “Каркыра-автожол” чек ара бекетинин жанынан өтөт.
Агенттиктен белгилешкендей, транспорттук маанисинен тышкары, каттам туризмдин өнүгүшүнө түрткү берүүгө багытталган: жай мезгилинде Ысык-Көл аймагына жана тоолуу райондорго саякаттоого, ал эми кышында Караколдун тоо-лыжа базаларына жетүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле жаңы каттам аймактык авиациялык инфраструктуранын маанилүү элементи жана эки өлкөнүн кызматташтыгы үчүн кошумча түрткү болот.
Мэриядан билдиришкендей, 3 чакырымдан ашык участок калыбына келтирилди. Бул жерде асфальттын жаңы катмары төшөлүп, жол белгилери орнотулуп, чийиндер түшүрүлдү. Аталган тилке эми унаа кыймылына ачык.
Бул кулакчындар чет тилдеги сөздөрдү синхрондуу которо алат, жүрөк кагышын өлчөйт жана маалыматтарды телефондогу “Ден соолук” тиркемесине жөнөтөт.
Жаңы гаджетте тышкы үндү басуу системасы эки эсе күчөтүлгөн, ошондой эле суу өткөрбөөчү деңгээли жогорулап, алар менен сууда сүзүүгө да болот.
Мындан тышкары, үн сапаты дагы жакшыртылган.
Автор: Диана Дуйшоналиева