play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева
Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү боюнча мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөрдүн айрымдары менен тааныштырды. Алардын катарында аралыктан добуш берүү үчүн онлайн идентификацияны киргизүү бар.
Муну ишке ашыруу үчүн БШК уюштуруу иштерин жана программалык-техникалык камсыздоону даярдап, учурда тесттен өткөрүүдө.
Онлайн идентификация аркылуу ар бир жаран өзүнүн округунан сырткары каалаган жердеги шайлоо участкасынан аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасы ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн бересени өз учурунда төлөөгө чакырат.
Карызды электрондук капчыктар жана “Кыргызпочтасынын” бөлүмдөрүндө төлөсө болот.
21 өлкөнүн ырчылары күч сынашкан ыр таймашта вьетнамдык ырчы Дык Фук биринчи орунду алды. Жеңүүчүгө 30 миллион рубль жана Хрусталь кубок тапшырылды.
Үчүнчү орунга Катардан келген Дана Аль-Мар татыктуу болду.
Кийинки сынак 2026-жылы Сауд Арабияда өтө турганы кабарланды.
Автор: Диана Дуйшоналиева