- Кыргызстанда эмгек акы эң көп жогорулаган тармактар аталды. Статистикалык маалыматтарга ылайык, маяна кыймылсыз мүлк менен операциялар, курулуш, административдик жана көмөкчү ишмердүүлүк, кесиптик, илимий жана техникалык тармак, саламаттык сактоо жана социалдык тейлөө, мейманкана жана ресторандар, мамлекеттик башкаруу, коргонуу жана милдеттүү социалдык камсыздоо, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу багытында өстү.
Жылдын январь-июль айларында бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы 42 миң 522 сомду түздү.
- Кочкордо жаңы автобекет курулууда. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, эки кабаттуу заманбап объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып жатат.
Автобекетте жүргүнчүлөрдүн жана айдоочулардын ыңгайлуулугун, коопсуздугун камсыздоого багытталган шарттар түзүлөт.
- Электриктер, сантехниктер жана усталар — жасалма интеллект (ЖИ) технологияларын өнүктүрүүдө жакынкы келечектеги эң негизги кесиптер болуп калат. Бул тууралуу NVIDIA компаниясынын башкы директору Женсен Хуанг Channel 4 News телеканалына берген маегинде билдирген. Анын айтымында, ЖИ-технологиялар үчүн эң баалуу кадрлар – бул кол менен иштөөнү мыкты билген адистер болот. Анткени ЖИ-системаларды тейлөө чоң көлөмдөгү жумушчу күчүн жана татаал системаларды талап кылат: муздатуу, тармактык туташуу, электр камсыздоо жана маалыматтарды иштеп чыгуучу жаңы борборлорду куруу.
NVIDIA — АКШнын технологиялык компаниясы, графикалык процессорлорду жана чипке орнотулган системаларды (SoC) иштеп чыгуучу катары белгилүү.