- Бишкекте Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги өлкө аймагындагы маданият мекемелерине 39 кичиавтобус тапшырды. Жаңы унаалар театрларга, филармонияларга, музыкалык мекемелерге жана музейлерге берилди.
Кичиавтобустар Кытайдагы ири автозаводдо чыгарылган жана кышкы дөңгөлөктөр менен камсыздалган.
- Дубайда дүйнөдөгү эң кымбат кофе даярдалды.
Бир кружка суусундуктун баасы 680 доллар же дээрлик 60 миң сомду түздү. Аны кафелердин биринде салтанаттуу түрдө сунушкан. Сатып алган кишинин аты-жөнү такталбайт.
Кофени даярдоодо Панама фермасында өстүрүлгөн сейрек кездешүүчү жана эксклюзивдүү арабика даны колдонулган.