play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева
Маалыматка ылайык, күн мурун Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев пландан сырткары Бишкек шаарындагы курулуш объектилерин кыдырды.
Кыдыруу учурунда Москва көчөсү 120 дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн курулушунда техникалык коопсуздук эрежелери сакталбагандыгы жана курулуштун мыйзамдарына ылайык объектинин паспорту сыртка илинбегендиги аныкталды.
Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Even KZ” курулуш компаниясына айып салынып, курулуш иштери убактылуу токтотулду.
Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти. Евразиялык экономикалык комиссиянын маалыматына ылайык, 2022-жылы 5 миң унаа деп белгиленсе, 2023-жылдан тартып өлкөгө 10 миң даана электрунаасын киргизүүгө уруксат берилген.
Бул жылга коюлган чектөө 25-сентябрда эле аткарылып, өлкөгө бажы алымы жок 10 миң унаа ташылды. Эми ар бир импорттолгон электр унаасы үчүн баасынын 15 пайыз өлчөмүндө пошлина алынат.
Эми ортодогу аралык эки сааттан бир нече мүнөткө чейин кыскарды. Көпүрөнүн курулушуна 240 миллион евро жумшалды.
Автор: Диана Дуйшоналиева