play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева
Ведомство тоо этектерине кар жаап, жолдор тайгак болорун белгилеп, ашуулар аркылуу өтө турган айдоочуларды дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырды. Ошондой эле жолдун каршы тилкесине чыкпай, ылдамдыкты ашырбай жүрүү сунушталат.
Тилке унаа кыймылына ачылды. Мэриянын маалыматына ылайык, бул жерде асфальттын жаңы катмары төшөлүп, тротуарлар иретке келтирилди, бордюрлар алмаштырылып, жаңы жол чийиндер түшүрүлдү.
Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. 1-октябрдан 30-октябрга чейин Кыргызстандын бардык мамлекеттик музейлеринде “Ачык эшиктер айы” аталышындагы акысыз акция өтөт. Жарандар ошондой эле атайын экскурсияларга, тарыхый-маданий маршруттарга, лекцияларга жана чеберчилик-класстарга катыша алат.
Автор: Диана Дуйшоналиева