play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева
Андан улам, машинелери менен жайыттарга чейин чыгып кеткен фактылар катталса, аларга чара көрүү тапшырмасы берилди. Белгилеп кетсек, Кыргызстандын жалпы аянты 20 миллион гектар болсо, анын 9 миллион гектарын жайлоо менен жайыт ээлейт.
Малдын көбөйгөнүнөн, кен байлык казуудан жана климаттын өзгөрүүсүнөн улам соңку беш жылда эле жайыттардын аянты 25 миң гектарга кыскарган.
Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Боршайкомдун маалыматы боюнча, үгүт өнөктүгү 29-ноябрда эртең мененки саат 8де аяктайт.
Белгилеп кетсек, Жогорку Кеңештин 90 депутаты 5 жылдык мөөнөткө мажоритардык система менен көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайланат. 30 көп мандаттуу шайлоо округунун ар биринен Жогорку Кеңештин үчтөн депутаты мандат алат. Мында шайлоочу өзүнүн тандоосу боюнча бир гана талапкерге добуш бере алат.
Катышуучулар керебеттен турбашы керек, аларга тамак-аш, суусундук, интернет жаткан жерине берилет жана 8 саатта бир 15 мүнөттүк тыныгуу болот. Буга чейинки чемпионатта 50 күн бир орунда жаткан Лидия жеңишке жеткен.
Автор: Диана Дуйшоналиева