play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today14.10.2025 16

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

  • Кыргызстандыктар чет өлкөлөрдө ачылган каалаган шайлоо тилкелеринде добуш бере алат. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, бул дистанциондук добуш берүү үчүн киргизилген онлайн-идентификация процесси менен мүмкүн болду.Биометрикалык маалыматын тапшырган, 18 жашка жеткен бардык жарандар шайлоого катыша алат. Добуш берүүдө шайлоочуга каттоого турган жери боюнча бюллетень берилет. Ал бир эле талапкерди же “баарына каршы” позициясын тандай алат. Эске салсак, Жогорку Кеңешке мөөнөтсүз шайлоо 30-ноябрда өтөт.
  • Кыргызстанда көмүрдүн баасы бекитилди. “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, эң кымбат кара отун Баткен облусунда — тоннасы  7 миң сомдон 10 минге чейин.Чүй облусунун тургундары көмүрдү 6 миң — 7,5 миң сомго чейин алса болот.

    Ошто — баалар 4,5 миңден башталып, 9 миң сомго жетет. Ысык-Көлдө бекитилген баа — тоннасы 8 миң сомго чейин. Эң арзан көмүр Нарын облусунда — 3 миң 600 сомдон 6 миң 800 сомго чейин. Мамлекеттик ишканадан белгилешкендей, көмүрдүн баасы кошумча нарк салыгы жана киреше салыгы менен эсептелет.

  • Telegram билдирүү жөнөтүү тиркемесинин иштеп чыгуучулары iPhone үчүн жаңы функциялар жана визуалдык жактан жаңыртылган элементтер менен кеңири жаңыртуу чыгарышты. Бул тууралуу компаниянын блогунда айтылат. Башкы өзгөрүү — iOS үчүн тиркеменин жаңы дизайны, «суюк айнек» эффекттери менен. Жарым тунук элементтер навигация панелинде, баскычтопто, стикерлер менюсунда жана башка интерфейс бөлүктөрүндө пайда болуп, колдонмонун көрүнүшүн терең жана суюк кылып көрсөтөт.Мындан тышкары, аккаунтту Fragment платформасына туташтыргандан кийин, колдонуучулар блокчейн аркылуу жөнөтүлгөн белектерди өздөрүнүн Telegram профилинде көрсөтө алышат.

    Ошондой эле Telegram «Bugs and Suggestions» аттуу расмий мини-тиркемесин ишке киргизди — ал сунуштарды жана каталар тууралуу билдирүүлөрдү кабыл алуу үчүн колдонулат.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%