play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today17.10.2025 33

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

  • Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштырууга 66 субъектке жеңилдетилген насыя берилди. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, сумма 8 млн сомдон ашты.

    Эске салсак, долбоор ушул жылдын апрель айында бекитилген. Аны ишке ашырууга эки мамлекеттик банк катышууда.

    Кредиттөөнүн жалпы көлөмү 200 млн сомду түзөт.

  • Бишкекте курулуп жаткан “Ырыс Ордо” конгресс-холлу курулуш иштери аяктагандан кийин мамлекеттик иш-чаралар менен катар коомдук максаттар үчүн да колдонулат. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынан билдиришти.

    Маалыматка караганда, объект ар түрдүү коомдук, маданий жана корпоративдик иш-чараларды өткөрүү үчүн берилет. Мындай чечим конгресс-холлдун өзүн-өзү каржылоо принциби менен иштешин камсыздоого багытталган.

    Негизги имараттан тышкары, анын жанында сегиз заманбап конок үйү курулуп жатат жана жаңы парк түзүү да пландалууда.

  • Данияда 15 жашка чейинки балдарга социалдык тармактар менен колдонууга тыюу салынышы мүмкүн. Бийлик гаджеттер жана соцтармактар балдарга терс таасир тийгизет деген пикирде.

    Атайын изилдөөдө маалым болгондой, 11-19 жаштагы эркек балдардын 60 пайызында жашоодо достору жок. Тиешелүү мыйзам жаңы жылда күчүнө кирет.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%