play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today31.10.2025 12

Background
share close
    • cover play_arrow

      КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

    Ордо калаанын бир бөлүгүндө 3-ноябрда суу жок болот.

    Мэриядан билдиришкендей, эртең мененки саат 10дон кечки 10го чейин суу Асаналиев, Алтымышев, Бакаев жана Циолковский көчөлөрүн бириктирген бөлүктө өчүрүлөт. Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

  • Эртеңден тарта кыргызстандыктар насыя алууга өзүнө өзү тыюу сала алат.

    Санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамангулов билдиргендей, жаңы сервис Түндүк тиркемесинде жеткиликтүү болот.

    Эми жарандар өздөрүн алдамчылардан сактануу же каржылык кызыкчылыктарын коргоо максатында тиркемеге кирип, тиешелүү кызматты тандап, арызды тастыкташы керек. Тыюу дароо салынат. Аны чечүү процедурасы дагы оңой, тиркеме аркылуу жүргүзүлөт. Бирок анда арыз  12 сааттын ичинде каралат.

  • Манасчы Дөөлөт Сыдыков 25-октябрда Манас шаарындагы «Азаттык» аянтында 7 саат токтобой Манас эпосун айтып берди.

    Манасчынын жубайы режиссер Ырыс Окенова билдиргендей, Сыдыковдун чыгармачылык жөндөмү жана баатырдык образдарды жандандыруусу кереметке тете болду. Алар миңдеген саптардан улам тарыхты жана улуу баатырдык көрүнүштөрдү көз алдыңа келтире алганын белгилешти.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%