play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today05.11.2025 4

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

  • Эртең Бишкектин Энесай, Дордой-1 жана Дордой-2 конуштарында ичүүчү суу өчүрүлөт.Мэриядан билдиришкендей, эртең мененки саат 10дон күндүзгү 4кө чейин турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерде суу болбойт. Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.

 

  • Кыргызстанда кесиптик жана кызматтык ишин аткарып жаткандарга зомбулук жасаган адамдардын кылмыш жоопкерчилиги күчөтүлдү. Мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.Ага ылайык, жабырлануучу кызматтык, кесиптик ишти жүзөгө ашыруусуна же коомдук милдетин аткарып жаткан учурда башка бирөө тарабынан ден соолугуна жеңил залал келтирилсе, эмгекке жөндөмдүүлүгүнө таасир эткен учурларда 50 миңден 100 жүз миң сомго чейин айып пул салынат.

    Ал эми кызматтык милдетин аткарып жаткан адамга карата бейбаштык кылгандыгы үчүн үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

    Документти Жогорку Кеңеш ушул жылдын сентябрында кабыл алган.

 

  • Бишкекке келген саякатчылар үчүн Vizit Bishkek колдонмосу ишке кирет. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти.Мобилдик тиркеме аркылуу маалымат алуу, маршруттарды тандоо жана кызматтарды брондоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Анын алкагында өлкө борборунун жана аймактардын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү мерчемделүүдө.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%