play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today06.11.2025 7

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

  • Эртең, 7-ноябрда кыргызстандыктар иштейт. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен эскертишти. Ведомство маалыматына ылайык, 7-8-ноябрда өлкөдө Тарых жана ата-бабаларды эскерүү белгиленип, мамлекеттик майрам болуп эсептелет. Бирок эмгек кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, бул күндөрү дем алыш жарыяланбайт, болгону иш убактысы бир саатка кыскарат.
  • Жол инспекторлору күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Мындай чара кескин суук болгонуна  байланыштуу кабыл алынды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын инспекторлору транспорт агымын жөнгө салып, айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, унаалардын техникалык абалын текшерип жатат.

    Өзгөчө көңүл Бишкек — Нарын — Торугарт жана Бишкек — Ош трассаларына бөлүнүүдө. Айдоочуларга жол эрежелерин бузбай, ылдамдыкты жогорулатпай, унаалар ортосундагы тиешелүү аралыкты сактап жүрүү сунушталат.

  • Каир шаарында Кыргызстандын элчилиги ачылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-ноябрда Египетке болгон расмий сапарынын алкагында Египеттин президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси менен жолукканда билдирди.

    Өлкө башчысы белгилегендей, эки өлкөнүн ортосундагы достукту бекемдөө жана байланыштарды өнүктүрүү максатында элчиликти ачуу чечими кабыл алынган.

    Египеттин президенти саясий диалогду чыңдоого жана бардык өз ара пайдалуу багыттар боюнча практикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө даярдыгын баса белгиледи.

    Ошондой эле кыргыз лидеринин сапары эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүктө маанилүү кадам болуп, биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу үчүн бекем негиз түзөрүнө ишеним билдирди.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%