play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today07.11.2025 17

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

  • Бишкектин борбордук бөлүгүнө суу берүү убактылуу токтотулду.

    Мэриядан билдиришкендей, диаметри 500 миллиметр болгон суу түтүгүндөгү авариялык кырдаалга байланыштуу бүгүн түнкү саат 12ге чейин Осмонкул көчөсү (Чүй проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейин), Москва, Ибраимов, Фрунзе көчөсүндө суу жок болот.

 

  • Кыргызстанда азык-түлүк рыногундагы абал туруктуу. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, тышкы факторлор, тактап айтканда энергетикага жана азык-түлүккө дүйнөлүк баалардын туруксуздугу, логистиканын үзгүлтүккө учурашы жана дүйнөлүк рыноктогу белгисиздиктин күчөшү учурдагы баа басымдарынын негизги себеби болууда. Буга карабай, жыл башынан бери социалдык маанидеги негизги товарлар — ун, нан, сүт, күрүч, кант, макарон азыктары, жумуртканын баасынын өсүшү катталган жок, — деп айтылат маалыматта

 

  • Бүгүн Бишкекте самбо боюнча дүйнө чемпионаты башталат. Турнир 9-ноябрга чейин уюштурулат. Анын алкагында эркектер жана кыз-келиндер арасында медалдардын 31 топтому ойнотулат. Биринчиликтин жалпы байге фонду — 341 миң долларды түзөт. Бардык дисциплиналар боюнча бирдей сый акы каралат — “алтын” медаль үчүн — 4 миң доллар, “күмүшкө” — 3 миң жана “коло” медалга 2 миң доллар берилет.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%