- Бишкектин Тоголок Молдо көчөсүндө убактылуу чектөөлөр киргизилди. Мэрия маалыматына ылайык, кечки саат 5ке чейин анын Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки тилкеси жабык болот. Чектөөлөр стадиондун кичи аренасынын ачылышына жана жаштар форумунун өтүшүнө байланыштуу киргизилди. Тыгындарды алдын алуу максатында айдоочуларга каттамдарын эртелеп пландап алуу сунушталат.
- Google корпорациясы Gemini аттуу чат-ботунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү жарыялады. Эми ал Gmail каттарындагы жана Google Drive документтериндеги жеке маалыматтарды колдонуп, «терең изилдөөлөрдү» (Deep Research) жүргүзө алат. Бул тууралуу The Verge басылмасы кабарлайт. Компания бул функцияны эң көп талап кылынган мүмкүнчүлүктөрдүн бири катары мүнөздөп, эми Gemini жөн гана суроого жооп берүүчү эмес, толук кандуу изилдөөчү агент катары иштей аларын билдирди. Deep Research режими иштетилгенде, система алгач көп баскычтуу изилдөө планын түзөт, андан кийин бир нече веб-издөөлөрдү жүргүзүп, толук отчет даярдайт. Колдонуучулар бул отчетко кошумча маалыматтарды кошууну сурана алышат же даяр материалды Google Документ форматына же жасалма интеллект түзгөн подкаст түрүндө экспорттой алышат. Азырынча бул функция компьютерлерде гана жеткиликтүү, бирок жакынкы күндөрү мобилдик түзмөктөр үчүн дагы ишке кирээри айтылды.
Автор: Диана Дуйшоналиева