play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today12.11.2025 17

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

  • Токтогул ГЭСинде төртүнчү гидроагрегатты оңдоо иштери аяктады. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, реконструкцияны франциялык компания аткарып, жумуштар 3 айды талап кылды. Жаңыланган Токтогул ГЭСинин кубаттулугу 240 мегаваттка көбөйүп, 1 миң 440 мегаватты түздү. Ошондой эле заманбап автоматташкан башкаруу системасы орнотулду. Иштердин башкы максаты — станциянын эксплуатация мөөнөтүн узартуу болуп саналат.

 

  • Кышкы жалпы республикалык тестирлөөгө 700дөн ашык абитуриент катталды. Бул тууралуу билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришти. Өз убагында каттоодон өтүүгө жетишпей калгандар үчүн 20-ноябрда кошумча каттоо уюштурулат. Ал Бишкек жана Ошто мамлекеттик университеттерде өтөт. Ал эми тестирлөөнүн өзү 21-23-ноябрга белгиленди.

 

  • MacBook Pro тарыхта биринчи жолу уюлдук байланышты колдоого алат. Apple корпорациясы сенсордук OLED-экран менен жабдылган MacBook Proну 2026-жылдын аягында же 2027-жылдын башында чыгарат. Бул тууралуу Bloomberg басылмасынан Марк Гурман билдирди. Бул жаңылануу 2021-жылдан бери MacBook сериясындагы эң чоң дизайн өзгөрүүсү болот. Ноутбук дагы жука корпус менен чыгат. Негизги технологиялык өзгөчөлүгү — 5G уюлдук байланышын колдоого алышы мүмкүн. Бул MacBook тарыхындагы биринчи учур болот. Буга чейин Apple ноутбуктарына мобилдик модем орнотпогон.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%