- Эртең Бишкектин айрым аймактарында суу өчүрүлөт. Мэриядан билдиришкендей, суу эртең мененки саат 9дан кечки 7ге чейин 7-апрель, Скрябин, Юнусалиев, Горький көчөлөрүн, Улан-2 кичин районун жана Аламүдүн дарыясын бириктирген бөлүктө жок болот. Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.
- Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда виза режимин жеңилдетүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев мамлекеттик телеканалдардын бирине берген маегинде билдирди. Ал белгилегендей, виза режими эки тарапка бирдей деңгээлде болушу керек. “Эгер виза берсеңер биз дагы жеңилдетип бергенге аракет кылабыз деген талап коюп жатабыз. Бирок азыр Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда толук виза режими бар», — деди министр. Ал арада Кытайдын тышкы иштер министри Ван И бүгүнтөн тарта 22-ноябрга чейин Борбор Азия өлкөлөрүн кыдыра турганы кабарланды. Маалыматка караганда, министр Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанда болот.
- Токио ички дүң продукциясы боюнча дүйнөдөгү эң бай шаар деп табылды. Чет элдик маалымат каражаттары жазгандай, 2025-жылы Япониянын борборунун ИДПсы 2 триллион 550 миллиард долларга жеткен. Экинчи орунда Нью-Йорк турат. Алдыңкы үчтүктү Лос-Анджелес шаары толуктайт. Токионун күчү — технология, автомобиль жана так өндүрүш тармактарындагы көп жылдык инновацияларга негизделген.
Автор: Диана Дуйшоналиева