- Бишкекте жаңы насостук станция ачылды. Мэриянын маалыматына ылайык, станция негизги жылуулук тармактарынын абалын жакшыртуу, ордо калаанын борбордук жана батыш бөлүктөрүнүн тургундарын жылуулук менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн курулду. Насостук станциянын курулушу 2024-жылы башталган.
- Бишкектеги жаңы ипподром Кожомкул айылына эмес (Военно-Антоновка), жаңы “Ош” базарынын жанына курулат. Бул тууралуу ордо калаа башчысы Айбек Жунушалиев билдирди. Анын айтымында, муниципалитет айылдан 200 гектардай жер алган, бирок геологиялык изилдөөлөр ал жакка имарат курууга болбой турганын аныктаган.
- Бишкектеги «Азаттык арена» стадионунун курулушу кийинки жылдын 1-августунда аяктайт. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда бетон иштеринин 80 пайызы бүткөн, калган бөлүгү 10-декабрга чейин толук жыйынтыкталат. Андан кийин стадиондун конструкцияларын монтаждоо иши башталат. Объекттин курамында 40 миң чарчы метр соода аянты каралган. Бул жерге дүйнөлүк бренддер жайгашат.
Автор: Диана Дуйшоналиева