play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today24.11.2025 8

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

  • 2026-жылдын апрель айында дарыгерлердин айлыгы 50 пайызга жогорулайт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев билдирди. Анын айтымында, учурда кызматкерлердин орточо маянасы 23 миң сомдун тегерегинде болсо, жогорулатылган соң 35-36 миң сомго чейин жетет. Ал эми тажрыйбасы жогору жана аймактарда иштеген айрым дарыгерлердин маянасы 100 миң сомго чейин чыгып калат, — деп ишендирди министр.

 

  • Бишкекке Кытайдан сатып алынган автобустардын 20сы келди. Мэриянын маалыматына ылайык, алар үч эшиктүү, узундугу 12 метр. Евразия өнүктүрүү банкынын долбоорунун алкагында жалпысынан Кытайдан 95 автобус сатып алуу каралган. Мэрия транспорттун калган бөлүгү жолдо келе жатканын кошумчалады.

 

  • Кыргызстан Глобалдык инновациялык индексте (GII) дүйнөлүк топ-100гө кирди. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун отчетунда айтылат.

    Быйылкы жылы Кыргыз Республикасы 139 өлкөнүн ичинен 96-орунду ээлеп, Борбордук жана Түштүк Азия регионунда 6-орунда турат.

    Кыргызстан адам капиталы, билим берүү жана туруктуу экономика тармактарында жакшы жыйынтыктарды көрсөтүүдө: билим берүүгө кеткен чыгымдар боюнча 5-орун, жогорку окуу жайлардын студенттеринин эл аралык мобилдүүлүгү боюнча 11-орун, көмүртексиз энергияны колдонуу жана микрофинанс уюмдарынан алынган кредиттер боюнча 14-орунду ээледи.

    Ошол эле учурда Кыргызстан өнөр жай жана технология жаатында олуттуу кыйынчылыктарга туш болууда: ISO 14001 (экологиялык менеджмент системалары боюнча эл аралык стандарт) стандартын киргизүүдө 138-орунда, ISO 9001 (сапат стандарттары) боюнча 136-орунда, жогорку технологиялуу өндүрүш боюнча 110-орунда жана ички өнөр жайды диверсификациялоо боюнча 108-орунда турат.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%