play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today22.01.2026 25

Background
share close
  • Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук жасаган 15 кишиге алгачкы ирет электрондук билерик тагылды. Бул тууралуу юстиция министри Аяз Баетов билдирди. Анын айтымында, долбоор пилоттук негизде Октябрь районунда ишке ашып баштады, анын алкагында зомбулук көрсөткөндөргө 20 күндөн үч айга чейин электрондук билерик же мобилдик тиркеме тагылат. Тутум GPS аркылуу байкоону жана Face ID менен үзгүлтүксүз текшерүүнү камтыйт. Ал соттун чечими менен тагылат. Кийинки жумадан тарта долбоор өлкө боюнча жайылтылат, — деди министр.

 

  • Бишкек мэриясы 5 көмүр казанын отундун альтернативалык түрүнө өткөрөт. Долбоорго ылайык, модернизациялоо иштери Манас айылында, Пригородное, Степное, Учкун жана Озерное конуштарында 2026-2027-жылдары жүргүзүлөт. Жабдууларды жаңылоо 50 миллион сомго айланат. Программаны ишке ашыруу ордо калаадагы экологияны жакшыртууга жана мекемелердин энергонатыйжалуулугун жогорулатууга багытталат.

 

  • Бүгүн, 22-январда америкалык киноакадемия 98 -«Оскар» сыйлыгына талапкерлерди көрсөтөт. Sport-Express басылмасынын маалыматына караганда, бардык 24 категориядагы талапкерлердин тизмеси жарыяланат. Бет ачар салтанаттын актёрлор Дэниел Брукс жана Льюис Пуллман алып барышат. 25 жылдан бери биринчи жолу категориялардын тизмеси «Мыкты кастингди» камтуу менен кеңейтилет. 98-Оскар сыйлыгына көрсөтүлгөндөрдүн расмий жарыяланышы Бишкек убактысы боюнча саат 13:30да жарыяланат.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%