play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today29.01.2026 14

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

  • Кыргызстан Нипах вирусуна байланыштуу Индиядан мал-жандыктарды жана эт азыктарын алып кирүүгө убактылуу чектөө киргизди. Мындай чечимди Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы кабыл алды. Мекеме бул чараны өлкөнүн ветеринардык-санитардык коопсуздугун камсыз кылуу максаты менен түшүндүрдү. Эске салсак, Индиянын Батыш Бенгалия аймагында кооптуу Нипах вирусу жуккан учурларга байланыштуу Азиянын бир катар өлкөлөрүндө санитардык көзөмөл күчөтүлдү. 

 

  • Кыргызстанга кирген чет элдик жарандарга жеке идентификациялык номер берилет. Министрлер кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Документке ылайык, номер чек ара көзөмөлүнөн өтүп жатканда тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасы аркылуу ыйгарылат. Жаңы тартип миграциялык каттоону жөнөкөйлөтүүгө, маалыматтардын тактыгын жогорулатууга жана чек ара кызматкерлери тарабынан адамды дароо идентификациялоого мүмкүнчүлүк берет.

 

  • Цюрих жашоо үчүн эң кымбат шаарлардын сап башына чыкты. Time Out басылмасынын маалыматына ылайык, мындай жыйынтык жыл сайынкы Numbeo жашоо индексинде баяндалат. Негизинен рейтингдеги лидерлердин көбүн швейцариялык шаарлар ээледи. Бешилтикке Женева, Базель, Лозанна жана Лугано кирди. Ошондой эле тизмеде Берн, Нью-Йорк, Рейкьявик, Гонолулу жана Сан-Франциско бар.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%