play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today18.02.2026 7

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

  • Эртең Бишкектин Калыс-Ордо жана Мурас-Ордо конуштарында ичүүчү суу өчүрүлөт. Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган эки конуштагы турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү эртең мененки саат 9дан кечки 9га чейин токтотулат. Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

 

  • Жогорку Кеңештин 90 депутатына планшеттер алынат. Бул тууралуу парламент төрагасы Марлен Маматалиев билдирди. Маалыматка ылайык, жума күндөрү мыйзам долбоорлору, документтер депутаттарга жөнөтүлүп турат. Анда жыйындар, комитеттердин отуруму, депутаттык топтордун жыйыны жана ар кандай маселелер деген бөлүмдөр болот.Спикер планшеттер кагазга кеткен чыгымды азайтып, иштин тездешине жардам берерин айтууда.

 

  • Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында жаңы асма жолдун расмий ачылышы бүгүн болот. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов “Кабар” агенттигине билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чарага президент Садыр Жапаровдун катышуусу күтүлүүдө. Белгиленгендей, аталган парктагы тоонун башына мейманкана, тамактануучу жайлар эржелерди сактоо менен экологиялык стандарттарга ылайык курулууда.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%